Жээнбеков: “Бийлик бутактарындагы коррупция менен күрөштү улантабыз”

710

Өлкөдөгү бардык бийлик бутактарындагы коррупция менен аёосуз күрөштү улантабыз. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Башкы штабдын жетекчиси Райымберди Дуйшенбиевди кабыл алып жатып билдирди. Ал өз сөзүндө, Куралдуу күчтөрүндө паракорчулук менен күрөштү улантуу зарылчылыгын белгиледи. Себеби укук коргоо жана сот системасынын ишмердигиндеги айрым коррупциялык көрүнүштөр коомчулукта нааразычылыктарды жана сын пикирлерин жаратууда, дейт мамлекет башчысы.

Мындан улам, Башкы штабдын жетекчисине дал ушул багыттагы жумушту күчөтүүнү тапшырды. Раимбердиев болсо өз кезегинде, Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү, андагы башкаруу системасын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан жумуштар, аскер кызматкерлеринин социалдык камсыздоосун жана техникалык жабдуусун жакшыртууга, коргонуу жана тартипти бекемдөөгө багытталган чараларды ишке ашыруу боюнча маалымат берди.