Жээнбеков: «Бийликтин бардык бутактары элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгында иштеши керек»

1244

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушту.

Анда өлкө башчы бийликтин бардык бутактары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү тынчтыкты бекемдөө үчүн жооп берээрин жана мамлекет менен элдин кызыкчылыгы үчүн бирдиктүү, эриш-аркак иштеши керектигин белгиледи. Жетиштүү иш тажрыйбам менен бардык бийлик бутактарына конструктивдүү иш-аракет жүргүзүүгө жардам берүүгө даярмын, деди президент.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков парламент өкмөткө колдоо көрсөтүп, элге жана мамлекетке керектүү, маанилүү долбоорлорду кабыл алып турушу керектигин билдирди. Ал эми аткаруу бийлигинде да уланта турган ийгиликтүү жыйынтыкты талап кылган, калктын жашоосун жакшырткан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн бир канча долбоорлору бар. Жогорку сот системадагы реформаларды улантып, өз ишмердигинде мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздашы керек, деди президент.

Мамлекет башчысы жакын арада ар бир бийлик бутагынын артыкчылыктуу маселелерин жана багыттарын терең талкуулоо үчүн өзүнчө жолугушуу өткөрүү ниетин билдирди.