Жээнбеков: «Бишкекте заманбап футбол стадиону курулат» (видео)

830

Кыргызстанда футболду өнүктүрүү программасы иштелип чыгышы керек. Анын алкагында Бишкекте эл аралык талапка жооп берген заманбап футбол стадиону курулат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн футбол боюнча улуттук курама командасы менен жолугушууда айтты.

Мамлекет башчысы команданын машыктыруучуларына жана оюнчуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Жалпысынан 43 киши президенттин колунан медаль, орден, ардак грамота жана эңчилуу сааттарды алышты.