Жээнбеков: Блокадачылар дүйнөгө баатырдыктын үлгүсүн көрсөттү

1155

Президент Сооронбай Жээнбеков «Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун» төрайымы Анна Кутанова менен жолугушту. Сооронбай Жээнбеков Ленинградды коргоо Улуу Ата Мекендик согуш тарыхынын эң баатырдык барактарынан экенин белгиледи.

«Блокадачылар дүйнөгө каармандыктын, кайраттуулуктун жана баатырдыктын үлгүсүн көрсөттү. Жигердүү коомдук ишмердигиңиздер үчүн биз сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары дагы жаш муунду бийик рухий жана моралдык сапаттарга тарбиялоодо жардам бересиздер деп ишенем. Биз дайыма сиздерди колдоого даярбыз. Өз өмүрүн аябастан бизге тынчтык тартуулаган ата-бабаларыбыздын эрдигин жана баатырдыгын эч качан унутпайбыз”, — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Эске сала кетсек, «Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому» коомдук уюму 1994-жылы түзүлгөн. Уюм жыл сайын 18-январда жана 27-январда Бишкек шаарында Ленинград шаарынын фашисттик блокададан бошотулганына байланыштуу салтанаттуу иш-чараларды уюштурат. 18-январда Даир Асанов атындагы Жеңиш багында Ленинграддын блокадасы бузулгандыгынын 75 жылдыгына арналган эскерүү митинги болуп өттү. Бүгүн Ленинград шаарынын фашисттик блокададан бошотулгандыгынын 74 жылдыгына арналган “Эскерүү коңгуроосу” иш-чарасы өткөрүлдү.