Жээнбеков Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саммитине катышат

654

Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саммитине катышуу үчүн Астана шаарына барат. Эл аралык иш чарага Казахстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлери катышат деп күтүлүүдө.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө президенттер биргелешкен билдирүү жасашат. Саммиттин алкагында, Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаевдин эки тараптуу сүйлөшүүсү пландалган.