Жээнбеков «Чоң-Капка-автодорожный» өткөрүү пунктунун иши менен таанышты

671

Талас областына болгон иш-сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков аймактагы чек арада жайгашкан «Чоң-Капка-автодорожный» өткөрүү пунктуна барып, анын иши менен таанышты.

Расмий маалыматтар боюнча, Талас областындагы чек ара пунктунан күнүнө орто эсеп менен 600дөн ашуун автотранспорт каражаттары жана 5000ге чейин адам өтөт.

«Чоң-Капка-автодорожный» көзөмөл жайы аркылуу Кыргызстандан Казакстанга жана кошуна өлкөдөн биздин мамлекетке тамак-аш, кондитердик, сүт азыктары, жашылча-жемиштер, буурчак, күйүүчү май жана курулуш материалдары, жер семирткичтер өтүп турат.