Жээнбеков: Чүй облусу региондорду өнүктүрүүдө лидер болушу керек

1148

Мамлекет башчысы Жайыл районунун жана Чүй облусунун жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууга Бекитай айылындагы Молдосанов атындагы орто мектебинин спорт залынын ачылышы себеп болду. Соронбай Жээнбеков курулган жаңы спортзалдан мыкты спортчулар тарбияланып, келечекте атактуу балбан Кожомкулдан кем калбаган азаматтар чыксын деген каалоосун билдирди.

Мамлекет башчысы 2018-жыл анын жарлыгы менен региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын эске салып, региондорго карата мамлекеттик саясатты өзгөртүү мезгили келгенин, ошондуктан өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө көп көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи. Ал Чүй облусунда фермерчиликти эле эмес, бүтүндөй өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.

Өнүккөн транспорттук инфраструктура бар, ири рынокторго жана кошуна өлкөлөргө чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк. «Чүй облусу региондорду өнүктүрүүдө лидер болушу керек. Мында 60тан ашык улуттардын өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашап жатышат. Сары Өзөн Чүй бардыгыбызды койнуна батырып, бизди багып жатат», — деп белгиледи Жээнбеков.