Жээнбеков футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат

828

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-июнда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Россиянын Москва шаарына барат. Анын алкагында мамлекет башчысы Москвада футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат.

Андан соң, Сооронбай Жээнбековдун Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулаган жолугушуусу өтөөрү күтүлүүдө.