Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышат

794

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн Сочи шаарына учуп кетти. Жыйында ЕАЭБнын алкагындагы соода-экономикалык маселелер, эл аралык кызматташуу жана Евразия мейкиндигиндеги мындан аркы интеграциялоо маселелери талкууланат.

Евразия экономикалык комиссиясы жыйында Кыргызстандын бул биримдикке мүчө болгон эки жылдагы ишмердигинин натыйжалары тууралуу баяндама болоору күтүлүүдө.

Ошондой эле, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөрү да пландалган. Тараптар эки мамлекеттин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын, Евразия аймагындагы интеграцияны талкууламакчы.