Жээнбеков: Кадрларды ротациялоо салтын жандандырууга мезгил келди

945

Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Талас облусунун тургундары менен жолугушуусунда айтты. Мамлекет башчысы белгилегендей, бул чара кадрларды адистик жактан гана такшалтпай, региондор ортосундагы байланышты да бекемдейт.

Бир региондон чыккан адис башка регионго барып, тамыр жайып, дос-тааныш, куда-сөөк күтөт, бул региондор ортосундагы ажырымды жакындатууга түрткү болот. Ал буга чейинки кадрдык ротация аркылуу иштеген инсандарды мисалга келтирди.

Президент ротацияны биринчи кезекте укук коргоо органдарынан: прокуратура, милиция, УКМК, Финполициядан башташ керектигин белгиледи. Мындай чара адистерди профессионал катары такшалганга абдан жардам берерин, мамлекеттеги иштин жүрүшүнө дагы чоң таасирин тийгизерин айтты.