Жээнбеков: Кайрылуулардын 70%ы сотторго байланыштуу (видео)

840

Президенттин дарегине келген кайрылуулардын 70 пайызы сотторго байланыштуу болууда. Бул тууралуу Сот реформасы боюнча кеңешменин отурумунда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, аталган тармакты реформалоо азыркы мезгилде өлкөнүн эң негизги көйгөйү болууда. Учурда коомчулуктун эң көп талап кылган маселеси да дал ушул сот реформасы экени баса белгиленди. Андыктан процессти тездетүү зарыл, дейт мамлекет башчысы. Мындан тышкары, жарандардын сот адилеттигине жетүүсү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, өзүнүн укугун коргоого бел байлангандар кошумча чыгымдарга учурабашы керектиги так кесе айтылды.