Жээнбеков: Каражат ар бир аймактын өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүшү керек

1030

Учурда Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун каражаттары план, системасы жок эле бөлүштүрүлүүдө. Айрым аймактар өнүгүп, башкаларга көңүл бурулбай жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы жана премьер-министр менен жолугушууда айтты.

Анда “2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы жөнүндө” жарлык талкууланды. Өлкө башчынын айтымында, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык системаларды өнүктүрүү программалары ишке ашырылышы керек.

Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков бюджеттик, кредиттик жана гранттык жардамдарды бөлүштүрүүдө региондук дисбалансты жараткан субъективдүү мамилени жоюуга чакырды.