Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү зарыл

714

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алуу учурунда билдирди. Мамлекет башчысы коомдо укук коргоо, күч жана сот органдарында коррупциялык иштер боюнча көп нааразычылыктар бар экендигин белгиледи.

Мындан улам, прокуратура мамлекеттик мекемелердеги коррупцияга каршы тынымсыз жана келишпес күрөш жүргүзүп, мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин сакталышын катуу көзөмөлдөшү зарыл, дейт президент. Ошондой эле, мыйзамдардын так жана кыйшаюусуз аткарылышын катуу көзөмөлдөп, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү керектиги айтылды.

Өз кезегинде, башкы прокурор Индира Жолдубаева прокуратура органдарынын коррупцияга каршы ишмердигиндеги негизги багыттар туурасында айтып берди.