Жээнбеков: Коррупцияга каршы системаны кайры түзүп чыгуу зарыл

816

Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиевди кабыл алып жатып билдирди. Президент өз сөзүндө, паракорчулукту ооздуктаган тутумду кайра түзүш керек экенин айтып, жемкорлукка каршы жаңы механизмдерди иштеп чыгуунун зарылдыгын белгиледи.

Аны менен катар, бардык мамлекеттик органдардын уюшкандыкта иштөөсүн, улуттук коопсуздуктун сырткы жана ички коркунучтарын жоюуну камсыз кылуу боюнча да талап коюлду. Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиев тармактагы негизги багыттарды жана келерки жылдын пландары тууралуу маалымат берди.