Жээнбеков күч түзүмдөрүнүн ишин кескин сындады (видео)

741

Күч түзүмдөрү уюшкан кылмыштуу топторду калкалап, криминалдык дүйнөнүн капиталы ири суммаларга жетти. Чон кылмыштар ачылбай, бийликтин жогору жагында тургандар кол тийбес болуп калды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин отурумунда билдирди. Анын айтымында, коррупцияга каршы күрөшө турган мамлекеттик түзүмдөрдүн өздөрү жемкорлукка малынган. Антикоррупциялык кызматтын эмне иш кылып жатканы белгисиз. Финансы полициясы болсо ишкерлерди коркутуп, кылмыш ишин козгоп, көмүскө схемаларга аралашууда. Ал эми Башкы прокуратура текшерүүнү бизнеске айлантып алды, деди президент.