Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасында жаракат алгандардан кабар алды

589

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркап, Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жаткандардан кабар алды.

Аталган борбордун директору Сабырбек Жумабеков жабыркагандардын абалы жана аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу айтып берди. Жабыркагандардын барына эртеңден тарта пландык операция жасала баштайт.

Эске салсак, кечээ чек арада жаракат алгандардын ону Бишкекке аскер учагы менен алынып келген. Дагы 3 кишинин абалы өтө оор болгондуктан, алар убактылуу Лейлек аймактык ооруканасына калтырылган. Аларга ак халатчандар күнү-түнү көз салышууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.