Жээнбеков менен Путин 30дай келишимге кол коюшат (видео)

651

Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 30дай келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Негизги келишимдер саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтык жаатында болот.

Ошондой эле, сапардын алкагында 2 күндүк бизнес-конференция уюштурулуп, Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму өтөт. Белгилей кетсек, бул Владимир Путиндин Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден берки алгачкы мамлекеттик сапары.