Жээнбеков: «Өлкөдө өндүрүш көп болсо, эч ким тышка кетпейт» (видео)

877

Өлкөдө өндүрүш көп болсо мекендештерибиз акча табабыз деп үйлөрүн таштап, сыртка кетишпейт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Токмок шаарындагы текстиль буюмдарын жана дан азыктарын өндүргөн ишканаларды кыдырып жүрүп билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, учурда мамлекет өлкөнүн өнүгүшүнө, жарандарын жашоо-турмушунун жакшыруусуна көмөкчү боло турган ишкерлерди колдойт.

Ошондой эле, өлкөнүн финансылык мекемелеринин бардык ресурстары айылды өнүктүрүүгө жана аймактарда ишкерликти колдоого багытталган, деди президент. Сооронбай Жээнбеков барган 2 ишкана тең убагында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя алышып, өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгышкан.