Жээнбеков өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу элге кайрылуу жасады

6097

Эң кызыгы кечээ күнү парламенттин кезексиз жыйынында президент Сооронбай Жээнбековду кызматтан алуу тууралуу маселе көтөрүлгөн жок. Отурумдун алдында Садыр Жапаров журналисттерге интервью берип жатып, Сооронбай Жээнбеков президент бойдон кала бергени оң деген пикирин билдирген эле. Тагыраагы, импичмент маселесин көтөрүүнүн кереги жок, деп Жээнбековго каршы сүйлөгөн эмес.

Анын мындай сөздөрү Жапаровдун артында Матраимов, Жээнбековдор турат деген күмөн ойлорду күчөтүп койду. Жогорку Кеңештин кезексиз делген отурумунда бул маселе талкууга алынбаганы элдин нааразычылыгын жаратып, бүгүнкү митингде ушул боюнча көп сындар, талаптар айтылды.

Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн түштөн кийин кыргызстандыктарга экинчи кайрылуусун жасады. Анда ал митингге чыккандарды күч менен тынчыталы» деген катуу талаптарды койгондор болгондугун, бирок ал баш тартканын айткан. Өзгөчө абал киргизүү жарлыгы даярдалып, бирок кол койгон эмесмин, дейт Жээнбеков. Ошондой эле, ал көчөгө чыгып жаткандарды, саясий лидерлерди укуктук талаага кайтып келүүгө чакырган. Билдирүүсүндө кызматтан кетем же кетпейм деп эч нерсе жазган эмес. Өлкөдөгү кырдаал боюнча анын мындан аркы кадамы кандай болоорун да ачыктаган жок.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.