Жээнбеков парламенттин кезексиз жыйынында президенттик кызматын тапшырды

7271

Сооронбай Жээнбеков бүгүн парламенттин кезексиз жыйынында президенттик кызматын тапшырды. Бул иш-чара өлкө башчысы үч жыл мурда 24-ноябрда ант берип, ишке киришкен залда отту. Жогорку Кеңеш Жээнбековдун арызын кабыл алды.

Ушул күндөн тарта экс-президент деген статуска ээ болгон Сооронбай Жээнбеков депутаттардын алдында сөз сүйлөп, өлкө башчы катары жасаган иштерине токтолуп, аткара албай калгандарына ичи ачышып жатканын айтты. Ошону менен катар кемчиликтери үчүн кыргыз элинен кечирим сурады.

Андан соң депутаттар Сооронбай Жээнбековду кол чаап узатышты. Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев Жээнбеков өз каалоосу менен кеткендиктен экс-президент макамын сактап калганын билдирди.

Бүгүнкү отурумдун күн тартибиндеги дагы бир маселе — президенттин милдеттеринин премьер-министрге өткөрүлүп берилиши. Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартып, бийликтин баары премьер-министр Садыр Жапаровдун колуна өттү.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.