Жээнбеков Путин менен жолугушту

765

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Москвадагы иш сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Путин эки өлкөнүн товар алмашуусу 32% көбөйгөнүн, азык-түлүк өндүрүмдөрүн ташуу эки эсе арбыганын белгиледи.

«Сиз президент катары алгачкы иш сапарыңызда Орусияга келдиңиз. Биздин эки өлкөнүн ортосундагы мамилени өнүктүрүү, эл аралык уюмдар менен бирге иштешүү боюнча сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биринчи сапарыңызда Орусияга келгениңизге кубанычтамын», – деди Путин.

Өз кезегинде кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчы катары иш сапарын адегенде Орусиядан баштаганын символикалуу экенин белгиледи. «Алгачкы сапарымда Москвага барганым мен үчүн терең символикалуу. Бул ушундай болушу керек болчу. Мен адегенде Москвада болушум керек эле. Бул биз, Кыргыз Республикасы биздин мамилебизди жана стратегиялык өнөктөштүгүбүздү бекемдөө ниети күч экенин көрсөтөт», — деди Жээнбеков.

Жолугушуунун соңунда Жээнбеков Путинге I даражадагы «Манас» орденин тапшырды.