Жээнбеков резонанс жараткан иштерди аягына чыгарууну талап кылды

768

Президент коррупцияга каршы күрөштү дагы тездетип, резонанс жараткан иштерди аягына чыгарууну талап кылды. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, атайын кызматтын башчысы Коопсуздук кеңешинин акыркы отурумунун чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле, жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча мындан аркы пландар талкууланды. Президенттин айтымында, коррупцияга каршы кампаниянын биринчи жыйынтыктары бар. Бирок ишти дагы күчөтүү зарыл. Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков жарандардан түшкөн арыздар менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурууну талап кылды. Ар бир кайрылуу жоопсуз калбашы керек, деди мамлекет жетекчиси.