Жээнбеков: “РФ жана ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрү менен кызматташуу — артыкчылыктуу багыт”

1053

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районунун жашоочулары менен жолугушуп, анда өзүнүн президенттик ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде тышкы саясат туурасында айтып берди.

Өз сөзүндө: “Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык» деп элибизде бекеринен айтылбайт. Президенттик кызматка киришээр замат коңшу мамлекеттер менен мамилелерди бекемдөөгө көп көңүл бурдум. Өзүңүздөрдө белгилүү болгондой, алгачкы сапарымды Россиядан баштадым. Россия жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен кызматташуу тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыт болуп саналат”, -деди Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо тууралуу жарлыктын максатына жана милдеттерине токтолду. Алар: калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын өнүктүрүү, аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, миграцияны кыскартуу.

Ошондой эле, президент тышкы рыноктордун талабына ылайык кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнү баса белгиледи. Өлкөдөгү мамлекеттик финансылык институттардын бардык ресурстары аймактарды өнүктүрүүгө жана элет жеринде ишкерликти колдоого багытталаарын кошумчалады.

Ошондой эле, мамлекет башчысы өлкөдө коррупция менен күрөшүү күч аларын билдирди.