Жээнбеков ШКУ мүчөлөрүн Көчмөндөр оюнуна чакырды (видео)

866

Шанкай Кызматташтык уюмунда алдыдагы бир жылда Кыргызстан төрагалык кылат. ШКУнын кезектеги саммити 2019-жылдын 14-15-июнунда Бишкекте өтөрү күтүлүүдө. Ал эми быйыл 9-10-июнда Кытайдын Циндао шаарында өткөн жолугушууда Шанкай уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары 17 документке кол коюшту. Кыргызстандын атынан алгачкы ирээт Сооронбай Жээнбеков президент катары өлкө делегациясын жетектеп барды. Циндаодогу саммиттин алкагында мамлекет башчысы эки тараптуу жолугушууларды дагы өткөрдү.