Жээнбеков: Тажикстан менен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүгө ачыкпыз

786

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кытайдын Циндао шаарында жолукту.

Тараптар аймактагы диний терроризм жана экстремизмдин абалы жөнүндө сүйлөшүп, аларга каршы турууну чогуу күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Жээнбеков өз сөзүндө кыргыз тарап Тажикстан менен мамилеге өзгөчө көңүл бурарын, эки тараптын тең кызыкчылыгын камтыган кызматташтыкта, чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүгө ачык экенин белгиледи. Эки лидер тең чек арадагы делимитация, демаркация иштерин эртелетүү зарыл деген пикирин билдиришти.

Кыргызстандын президенти Циндао шаарына Бээжинден учуп барган. Ал 6-8-июнь күндөрү Кытайда мамлекеттик сапарда болду.

Бул ирет ШКУнун саммити «сегиздик» форматында өтүп, ага Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Тажикстан, Пакистан, Өзбекстан жана Орусиянын президенттери катышты.