Жээнбеков жаңы дайындалган элчилерге эмне деди? (видео)

638

Президент Сооронбай Жээнбеков 7 мамлекеттин жаңы дайындалган элчилеринен ишеним граммоталарын кабыл алды. Алар Корея, Катар, АКШ, Пакистан, Чили, Аргентина, Замбиянын дипломаттары жана Европа биримдигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү. Иш-чаранын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков бул өлкөлөр менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди мындан ары да жакшыртуу жана кызматташууну алдыга жылдырууда бардык аракеттер көрүлүп жатканын баса белгиледи.

Элчилердин бардыгы жаңы дайындалып жаткандыктан, айрымдары Кыргызстанга биринчи жолу келишкен. Алардын бир тобу өлкөнүн өнүгүү потенциалы жогору экенин баалашууда. Дипломатиялык алакаларды бекемдөө менен эки тараптуу бир катар экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүн, дешет алар.