Жээнбеков жоюп кеткен кызмат учурда ишин улантууда (видео)

1077

Документ боюнча жоюлуп, бирок иш жүзүндө иштеп жаткан мамлекеттик орган. Өткөн аптада ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен жоюлган УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы штаттык режимде ишин улантууда. Ал тургай мекемеге жаны башчы да дайындалган. Ошондой эле Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов эмнеге кызматтан кеткени да коомчулуктун бүйүрүн кызытууда.

Тиешелүү маалыматта дипломат «ишенимди жоготконуна байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганы» жазылган. Бирок ага эмне себеп болгону ачыкталган эмес. Баарынан кызыгы эки учурга тең президенттин буйругу чыгарылган. Тиешелүү маселелерде кайрадан легитимдүүлүк көйгөйү көтөрүлөбү?