Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу талап кылынууда (видео)

3079

Октябрь окуясында элге карата ок атууга буйрук бергендер жазалансын! «Кыргыз үмүтү» деп аталган коомдук бирикмеге кирген 80ден ашуун адам Башкы прокуратурага кайрылышты. Алар октябрь окуясы учурундагы бийлик өкүлдөрүн жазалап, анын ичинде Сооронбай Жээнбековду экс-президент статусунан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып жатышат.

Арызга кол койгондордун арасында кагылышуу учурунда катуу жаракат алып, көзүнөн, бутунан айрылгандар дагы бар. Башкы прокуратура катты Ички иштер министрлиги менен УКМКга жөнөткөн.