Жээнбековдун аймактарга болгон 2 күндүк иш сапары аяктады (видео)

961

Президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарга болгон 2 күндүк иш сапары аяктады. Мамлекет башчысы Жалал-Абад областынын Сузак районунун жашоочулары менен жолугушуп, аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып, жергиликтүү тургундардын бир катар суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле, аталган райондогу эки айылды бириктирген көпүрөнүн жана аймактык бейтапкананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратынын абалы менен таанышып чыкты. Президент андан сырткары, Жалал-Абад шаарындагы кийим тигүү фабрикаларынын бирине барды.