Жээнбековдун инаугурациясына чет өлкө президенттери чакырылбайт

1523

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине чет өлкө президенттери чакырылбайт. Бул тууралуу президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов билдирди. «Дүйнөлүк практиканы эске алып, инаугурацияга чет өлкө президенттери чакырылбайт. Бирок өлкөдөгү элчилердин баары чакырылат», — деди Үсөнов.

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт. Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков 54,22% добуш менен жеңип чыккан. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 30-октябрда жарыялады.

Мыйзам боюнча расмий жыйынтык айтылгандан кийин 30 күн ичинде жаңы шайланган президент ант берип, кызматына киришүүсү керек. Азыркы президент 2011-жылдын 1-декабрында ант берген.