Жээнбековдун маалымат жыйынындагы маанилүү учурлар (видео)

3072

25-декабрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынын өткөрдү. Чакырылган 200дөй журналисттин ичинен 29 гана суроо бергенге үлгүрдү. 3 сааттын ичинде өлкө башчысы элүүдөй суроого жооп кайтарды. Собол узатууга жетишпей калгандар да болду. Президенттин пресс-конференциясын күтүп жаткан журналисттер көп эле. Айрыкча акыркы чуулгандуу окуялар боюнча өлкө башчынын пикири, позициясы баарын кызыктырып келген.

Күтүлгөндөй эле Сооронбай Жээнбековго жолдонгон суроолордун басымдуу бөлүгү бажы тармагындагы коррупциялык схемалар, өлкөдөн чыгарылган миллиондор, акыркы учурда аты көп аталып жаткан Раим Матраимов, Хабибулла Абдукадыр тууралуу болду.

Андан сырткары, Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен чогуу иштегендердин камакка алынышы боюнча да суроолор берилди. Өлкө башчы Кыргызстанда саясий репрессия жүрүп жатат деген сөздөрдү четке какты. Адамды бирөөнүн айтканы менен же жөндөн жөн туруп эле камап салууга болбой тураарын Раим Матраимовдун мисалында түшүндүрүп берүүгө аракет кылды. Сооронбай Жээнбеков ар бир факт юридикалык жактан бекемделмейинче чара көрүү мыйзамсыз экенин эскертип жатты.