Жеке балдар бакчалар бюджеттен каржыланабы? (видео)

580

Учурда өлкөдө 700 миң бөбөк бала бакчанын тартыштыгынан мектепке чейинки билим ала албайт. Маселени чечүү үчүн кошумча 2 миң имарат куруу керек. Буга эбегейсиз көп акча зарыл. Мындан улам, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу бөбөктөрдү менчик бала бакчаларга жайгаштырууну демилгелеп жатат.

Эгер сунушу колдоо тапса, жай айларынан тарта миң балага бюджеттин эсебинен мектепке чейинки билим бериле баштайт. Буга жылына 60 миллион сом сарпталмакчы. Жаңы бакчалар курулганча, маселени ушундай жол менен чечүү керек, дейт вице-премьер-министр. Мындан тышкары, өкмөт тарабынан азыр инвесторлорго бул боюнча дагы бир сунуш даярдалып жатыптыр.