Жеке компаниялардын карызын мамлекет төлөйбү? (видео)

715

Өкмөт жеке компаниялардын тыштан алган карызын бюджеттин эсебинен төлөөнү сунуштап жатат. Бул боюнча Финансы министрлиги мыйзам долбоорун даярдаган. Анда 1992-жылдан бери тышкы донорлордон насыя алып, анын 50% төлөгөндөргө жеңилдик берүү каралган. Бирок буга парламенттин агрардык комитетинин мүчөлөрү каршы чыгышты.

Эл өкүлдөрү учурунда карыз алып, аны максатсыз пайдалангандардын тизмесин ачыктоону талап кылышты. Ошондой эле, бул документ мурдагы аткаминерлердин кызыкчылыгын коргоп жатышы мүмкүн деген кооптонуулар бар.