Жеке менчик бала бакчаларда 50% арзандатууну кайсы үй-бүлөлөр ала алышат?

696

Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгы алардын категориясын жарыялады. Буга көп балалуу үй-бүлөлөр, 5 же андан көп баласы барлар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кирет.

Ошондой эле, баккан адамынан айрылган үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 12 миң сомдон кем болбогондор да арзандатуулардан пайдалана алышат. Ата-энесинин бирөөсү биринчи же экинчи топтогу майып болсо да 50% жеңилдик берилет. Мындан тышкары, ар биринин айлык маянасы 12 миң сомдон кем болбогон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер да жарым акчасын төлөп, балдар, кыздарын жеке менчик бала бакчаларга бере алышат.

1-июндан тарта Бишкекте мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө социалдык долбоор башталып, бул максатта 9 бала бакча тандалып, 300 орун бөлүндү. Долбоорго 3-5 жаштагы балдардын ата-энелери катышат алат. Тейлөө акысы 8 миң сомдон ашпашы керек.

Бишкекте 85 муниципалдык жана 100дөн ашык менчик бала бакча иш алып барат. Ал эми кезек күткөндөрдүн саны 5 миңге чамалайт. Кыргызстан боюнча 3-6 жаштагы 400 миң жеткинчек бала бакчага барбайт. Муктаждыкты жоюу үчүн 1000ден ашык бакча куруу керек. Бул үчүн 80 миллиард сом керектелет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.