Желим баштыктан баш тартуу аракети (видео)

590

Дүйнөдө желим таштандылардын санын азайтуу максатында эл аралык орган түзүлмөй болду. Мындай макулдашуу чоң жыйырмалык уюмуна кирген өлкөлөр арасында жетишилди. Ал эми Кыргызстанда бул маселе курч бойдон калууда.

Былтыр желим баштыктар экологияга терс таасирин тийгизип жатканы айтылып, аларды импорттоо, өндүрүү жана сатууга тыюу сала турган мыйзам долбоору парламенттин талкуусуна чыгарылган. Бирок документ чийки болгондуктан артка кайтарылган. Андан бери дээрлик бир жылга жакын убакыт өтсө да, депутаттар бул темага кайрыла элек.