Желим капкактардан жаралган эмгек (видео)

857

Таланттуу спортчунун колунан жаралган өзгөчө эмгек. ММА боюнча Азиянын чемпиону Ильяс Чыңгызбек уулу желим бөтөлкөнүн капкактарынан белгилүү коомдук ишмер Исхак Раззаковдун сүрөтүн жасады. Ал үчүн эки жылдан бери 7 миң даана капкак чогулткан. Ал эми сүрөттү жасоого эки ай убакытын короткон. Учурда эмгеги даяр. Эгер музейге кабыл алышса, берүүгө макул. Же кардар чыкса — сатышы мүмкүн. Желим бөтөлкөнүн капкагынан тартылган сүрөттү 20 миң сомго чейин баалайт.