Жем-чөп кымбаттап, бодо мал арзандаса да, эт кымбат (видео)

1819

Жем-чөп кымбаттап, бодо мал арзандай баштады. Учурда айрым аймактарда фермерлер мал жандыктарын сатып, ордуна тоюп алайын десе да табылбай жатканын айтышууда.

Ошол эле убакта бир топ дыйкандар чөптүн баасы жазында мындан дагы кымбаттайт деп болжошуп, үйлөрүнө жыйнап сатпай отурушуптур. Ал ортодо Айыл чарба министрлиги быйыл бодо мал 35 миң башка көбөйгөнүн билдирди. Эт дагы бир топ көп өндүрүлүп жатыптыр. Бирок анын баасы өзгөргөн жок, — дешет фермерлер.