Жемкорлорго мунапыс жарыяланышы мүмкүн

638

Жогорку Кеңеште буга байланыштуу мыйзам-долбоору даярдалды. Демилгечи Рыскелди Момбековдун айтымында, «коррупция» жана «кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган» деген беренелер боюнча соттолгондорду мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушталууда. Эгер колдоо таап калса, ноябрь айындагы майрамга карата түрмөдө отурган 8 миңге жакын адам бошотулушу мүмкүн.

Мындан тышкары, учурда парламентте акыйкатчыга эркинен ажыратылгандарга ырайым суроо үчүн президентке кайрылууга укук берүү тууралуу документ даярдалды. Азыркы мыйзам боюнча жаза өтөп жаткан адам өзү гана өлкө башчысына кайрыла алат, ошондой эле ал адам күнөөнү толугу менен мойнуна алышы керек.