«Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов кое берилди

1665

«Женго» деген каймана аты менен белгилүү болуп, кылмыштуу топтун мүчөсү катары таанылган Кадыр Досонов кайра кое берилди. Бул тууралуу Ош областтык милициясынан билдиришти.

Эске салсак, Досонов бараткан автоунаа жол инспекторунун мыйзамдуу буйругуна баш ийбегени үчүн токтотулуп, өзү да кармалган болчу. Натыйжада автоунаада мамлекеттик номердин жоктугу, курду тагынбаганы жана жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерге баш ийбегени үчүн 3 протокол толтурулуп, айып пул салынган. Аларга атайын профилактикалык аңгемелешүү өткөргөнү да белгиленди.

Ал эми айдоочудан алынган тапанча милиция кызматкерлери тарабынан алынып, экспертиза дайындалган. Кадыр Досонов мындан бир нече жыл мурда Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп айыпталган болчу.

2013-жылы Шоноевди үйүнүн жанынан атып кетишкен. Бул кылмыш ишине байланыштуу Кадыр Досонов 2015-жылы кармалып, бирок 2017-жылы ал Жогорку соттон акталып чыккан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.