Жеңил унаанын айынан автобустун 21 жүргүнчүсү жабыркады (видео)

2233

Бишкекте жүргүнчү ташыган автобус жол кырсыгына кабылып, 15 адам ооруканага жаткырылды. Жабырлануучулардын ичинен төртөө — балдар. Бактыга жараша каза болгондор жана оор жаракат алгандар жок.

Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, №8 автобус Чыңгыз Айтматов көчөсү менен бара жатканда алдынан “Хонда Фит” унаасы чыгып, коомдук транспортун айдоочусу андан качууга аракет кылып, рулду башкара албай калып, жолдун жээгиндеги даракты сүзгөн. Кырсык болгон жерде 7 тез жардам бригадасы иш алып барды.