Жеңиш күнүнө карата иш-чаралар уланууда (видео)

896

Улуу Ата-Мекендик согушта эрдик көрсөткөн ата, апалар унутулбайт. Бишкек шаарында Жеңиш күнүнө карата 16 мектеп окуучулары тарабынан майрамдык иш-чара уюштурулду.

Дайыр Асанов атындагы сейил багында өткөн салтанатка согуш ардагерлери ардактуу конок катары чакырылды. Иш-чара кан майданда курман болгондорду эскерүү менен башталып, шейит кеткендерге гүлчамбар коюлду. Андан соң мектеп окуучуларынын жүрүшү болду.