«Жеңиштин жолдору. Тегеран» аталышындагы мотожүрүш сапарын улантууда

866

Улуу Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгына арналган «Жеңиштин жолдору. Тегеран» аталышындагы мотожүрүш сапарын улантууда. Кечээ Россиядан келген «Ночные волки» клубунун байкерлери Бишкекти кыдырышты. Мотожүрүш ордо калаанын Жеңиш аянтындагы өчпөс оттон башталды. Жолдо карай, иш-чаранын катышуучулары Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине киришти.

Мындан тышкары, мотоциклисттер Кызыл-Аскердеги аскер көрүстөнүнө гулчамбар коюшту. Андан соң, байкерлер Өзбекстан, Азербайжан, Иранга жөнөшөт. Акциянын алкагында, мотоциклист-байкерлер Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Ленинград блокадачылары менен жолугушат. План боюнча мотожүрүш 25-майда Тегеранда жыйынтыкталат.

Бул долбоордун негизги максаты — Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый фактылары менен 1943-жылы калыптана баштаган дүйнө түзүмүнө көңүл бурдуруу.