Жер менен жексен болгон Көк-Терек кыштагы (видео)

2648

Жер менен жексен болгон үйлөр, өрттөнгөн унаалар, ээнсиреген кыштак. Бир тараптуу куралдуу агрессия учурунда толугу менен жок кылынган Баткен районунун Орто-Боз айылынын Көк-Терек участкасынын тургундары үчүн Ак-Татыр кыштагынан 20 тилке бөлүнүп берилди. Бул тууралуу аталган айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Маматшарип Бердалиев билдирди.

Ошол эле убакта, урандыга айланган турак-жайлар кайра калыбына келтириле турганы да убадаланууда. Учурда Тажикстан көрсөткөн аскердик кол салуудан улам Көк-Терек айылындагы 18 үйдүн эээлери канча чыгымга учураганы эсептелүүдө.