Жер өтмөк боюнча мэриянын 7 кызматкери жоопко тартылууда

661

Бишкекте жер алдындагы өтмөктөр боюнча мэриянын 7 кызматкери жоопко тартылууда. Оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө акча жымырылып алынган. Бул маалыматты УКМК таратууда.

Бишкек шаардык прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 376 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталды. Мындан улам, «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Былтыр Чүй проспектиси жана Абдрахманов, Манас жана Чүй проспектилеринин кесилишиндеги жана «Аламүдүн», «Мадина» базарларынын жанындагы өтмөктөрдү оңдоо боюнча өткөрүлгөн сынактар текшерилген. Анын жыйынтыгы боюнча, мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жети кызматкери тартип жазасына тартылган. Ал эми сотко чейинки өндүрүш иши УКМКга өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Эске салсак, Бишкектеги эки ири өтмөк 2017-жылы толугу менен жаңыланган. Буга баш-аягы 27 миллион сом кеткени кабарланган. Бирок көп узабай эле жер өтмөктөрдүн үстүнөн сарыгып аккан суу тамчылап, бетондун шыбактары сыйрылып түшкөнү шаар тургундарынын сынына кабылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.