Жер салыгын алып салуудан кимдер пайда көрөт? (видео)

1552

Дыйкандарды жер салыгынан бошотуудан бюджетке жыл сайын 320 миллион сомдой түшпөй калат. Мындай маалымат менен министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев бөлүштү. Эсептөөлөр боюнча, 3 жылдын ичиндеги жоготуулар 1 миллиард сомго жакындайт.

Аткаминер мунун орду башка каржы булактардын эсебинен толтурула турганын айтууда. Ошол эле убакта, айрым фермерлер салыктын бошотулушунан жерин ижарага бергендер гана пайда көрүүдө дешет.