Жер тилке көйгөйүн тарткан этникалык кыргыздар (видео)

618

Ош областына Тажикстандан көчүп келген кыргыздар 6 жылдан бери өкмөт тарабынан берилген жерлерине турак-жай сала албай келишет. 2013-жылы 80 үй-бүлөгө 6 сотыхтан жер тилкелер берилип, бирок иш жүзүндө 45и гана участокко ээ болгон.

Калганы соттошуп, утуп чыкканы менен, жерди ала алышкан эмес. Айтымдарында, аларга бөлүнгөн жерди убагында атайын комиссия жең ичинен сатып жибериши мүмкүн. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо баары мыйзам чегинде болуп жатат дейт.