«Жердеги жылдыздар»: Өзгөчө балдардын өзгөчө эмгектери (видео)

4705

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде дал ушундай аталыштагы өзгөчө балдардын кол эмгектеринен жасалган көргөзмө болуп өттү.

Анда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын сүрөттөрү, колго жасалган декорациялык куурчактары, паннолор, пластилинден жана чоподон жабыштырылып жасалган эмгектер коюлган. Көргөзмө 15-декабрга чейин уланып, ага бардык каалоочулар үчүн эшик ачык.