Жерге берилген мумияны тарых музейине кайтаруу талабы айтылды

1253

Окумуштуулар жерге берилген мумияны тарых музейине кайтарууну талап кылышууда. Ошондой эле экспонатты көмүүнү демилгелегендер менен чечим кабыл алгандар жоопкерчиликке тартылышы керек, деп эсептешет. Археологтордун айтымында, Маданият министрлигинин бул аракети вандализмге барабар. Мумия музейдин экспонаты, анын эч кандай динге жана улутка тиешеси жок, дешет илимпоздор.

Аны көмүү боюнча түзүлгөн комиссияга ушул тармакта иш алып барган окумуштуулар кирген эмес. Деги эле комиссиянын мыйзамдуулугу күмөн жаратат, дейт нааразы тарап. Алар мумиянын жерге берилишин ата мекендик илимге урулган сокку катары баалашты.

Ал эми маданият министри Түгөлбай Казаковдун айтымында, тарых музейинде 60 жылдан бери сакталып турган байыркы мумия 1997-жылдан кийин каралбай, бузула баштаган. Ушул кезге чейин бир дагы окумуштуу изилдеген жок.

Союз учурунда Эрмитаждан атайын адистерди алдырып бальзамдашкан. Андан кийин алар таштап кеткен химиялык заттар менен кармап келишкен. Бирок кийин ал заттар түгөнүп, мумия ачык жерде жаткан үчүн бузула баштады, дейт министр.