Жергиликтүү бюджеттин борбордон көз карандылыгын жоюу керек

864

Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков региондорду өнүктүрүү жөнүндө жарлыктын алкагында түзүлгөн жумушчу топтун жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда аймактык лобби күчөп баратат деп эсептейт. Кайсы аймактан чиновниктер менен депутаттар көп болсо, капитал ошол жакты карай агып, калган аймактардын өнүгүүсү артта калып, өнүгүүнүн балансы бузулган, дейт президент. Андыктан аймактардын өнүгүүсүн рынок чечет деген көз караштан арылып, өлкөнүн мыйзамдарын оңдоо зарылдыгы белгиленди.

Эске салсак, 2018-жыл президенттин жарлыгы менен Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Аны ишке ашыруу максатында түзүлгөн жумушчу тобунун курамына министрлер, областтардын жетекчилери жана бийлик өкүлдөрүнөн турган 39 адам кирген.