Жергиликтүү фармацевттер бет кап чыгарууга киришти (видео)

2414

Бишкектеги дарыканалардын көбүндө медициналык бет каптар түгөндү. Алардын ордуна марлядан тигилгендер сатылып жатат. Бирок аны дагы бардык дарыканалардан табууга мүмкүн эмес. Учурда марлядан тигилген медициналык бет кап 17-18 сом турат.

Кыргызстандыктарды маска менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү төрт ишкана өндүрүүнү баштаганы турат. Жакынкы күндөрү алардын так баасы жана маскалар канча көлөмдө чыгарыла турганы аныкталат.